www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жаңы доор" коомдук кыймылынын программасы (кыскартылган)
"Жаңы доор" коомдук кыймылы (Кыймыл), республикага кеңири жайылып түптөлгөн уюм. ЖК нын депутаттарын шайлоого өзү катышпаса да, анын өлкөнү өнүктүрүү боюнча реформалык сунуштарын колдоорун билдирген жана шайлоодон кийин аны жүзөгө ашырууда көмөктөшөөрүн убада кылган "Кыргызстан" саясий партиясын өнөктөшү катары таанып, шайлоодо ушул партияны колдоону чечти жана ага бардык түзүмү менен жапырт киришти.
Өлкө узакка созулган оор кризистен чыга албай жатат. Эки Президент куулуп чыгып, дагы бирөө кармалса да кризис токтободу, өлкө өнүкпөдү жана элдин турмушу оңолбоду.
Мындай абалдын негизги себептери:
1) өлкөнүн калыптанган саясий системасында жана
2) жөндөлбөгөн либералдык рыноктук моно экономикада экенине Кыймылдын көзү жетип, ал өлкөнү өнүктүрүү жана элдин турмушун жакшыртуу үчүн өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүүнү жана Аралаш экономикага өтүүнү зарыл деп эсептеп, бул үчүн Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн кароосуна Кыргыз Эл Республикасынын Конституциясынын долбоорун жана Кыргызстандын Улуттук экономикасын түптөө Концепциясын сунуштап киргизген.
Өлкөдө административдик - аймактык реформа жүргүзүлөт. Облустар жоюлуп, райондор жана айыл аймактары ириленип, мамлекет үч баскычтуу башкарууга өтөт.
Өлкө, парламенттик башкаруунун туу чокусу болгон жана өкүлчүлүктүү бийликтин жогорку палатасы катары Улуттук Курултай аркылуу Салттуу башкарууга өтөт. Улуттук Курултайдын курамы ар бир айыл аймагынан жана жарандык жамааттардан шайланган өкүлдөрдөн туруп, жылына бир жолу чогулат. Улуттук Курултай: Өлкөнүн негизги өнүгүү багыттарын аныктайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт; Жыл сайын Президенттен жана башка өзү шайлаган жетекчилерден отчёт алат. Иши "канааттандырарлык эмес" жетекчи кызматынан бошотулат.
Мамлекеттик бийликтин үч бутагынын (мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот адилеттиги) жана обочолонгон мамлекеттик башка органдар (Башкы Прокуратура, Улуттук Банк, Эсептөө Палатасы жана Борбордук шайлоо комиссиясы), баары бири-биринен көз карандысыз жана күчтүү бийликке айланышат.
Мыйзам Палатасы, өкүлчүлүктүү бийликтин төмөнкү палатасы болуп, "Аймактык" жана "Жамааттык" - деп аталган барабар эки палатадан, жалпы саны 60 тан ашпаган депутаттан туруп, негизги функциясы мыйзам чыгарууга жана алардын иштешин көзөмөлдөөгө бурулат. Талапкерлер алдын-ала конкурстук ылгоодон өтүп, аймактык жана жамааттык принцип менен түз шайланышат. Алар өз шайлоочуларына отчёттуу болуп, иштей албаганы артка чакырылып алынат.
Депутаттардын сапаттык жана иштермандык касиети артат.
Президент аткаруу бийлигин - Өкмөттү өзү башкарып, күчтүү саясий фигурага айланат. Премьер-Министр кызматы Аппараты менен, бири-биринин ишин кайталаган керексиз министерстволор жана ведомстволор жоюлат.
Сот бийлиги, судьялары элден түз шайланып, башка бийлик бутактарынан толугу менен көз карандысыздыкка жетишет. Судьялардын ишинин сапаты жана жоопкерчилиги, алардын кабыл алган чечимдери соттук жогорку инстанциялардан бузулушуна түздөн-түз байланышта болуп, алар өзүн-өзү автоматтык режимде тазалап туруу жөндөмүнө ээ болот.
Обочолонгон мамлекеттик башка органдардын жетекчилери Улуттук Курултайда шайланышып жана ага отчёттуу болуп, башка бир да бийлик бутагына баш ийишпейт.
Өлкө Аралаш экономикага өтүп, ага негизделген Улуттук экономика түптөлөт. Иштеп жаткан жеке менчик ишканаларга зыян келтирбей, рынок экономикасына жарыш түрдө мамлекеттик сектор пландуу экономикага өткөрүлөт. Мамлекеттин жана калктын керектөөсүнүн негизги маанилүү позицияларын өндүрүү ата-мекендик өндүрүшкө, биринчи кезекте мамлекеттик ишканаларга мамлекеттик план менен жүктөлөт. Алардын ишин бөгөттөгөн (тендер ж.б.) бардык тосмолор алынат.
Мамлекет, керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн кубаттуу айыл чарба кооперативдерин түзөт. Аларга ыктыярдуу негизде жеке дыйкан чарбаларын жана фермерлерди бириктирип, айыл чарба ириленет, аймактар өнүгөт.
Реформа жумушсуздукту кескин кыскартат же толугу менен жоёт, элдин турмушу жакшырат. Коррупция азайып, адилеттүүлүк орнойт. Өлкөнүн кирешеси көбөйүп өнүгөт, Жаңы доор келет.
Президиум
Булак: NazarNews.kg