www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда саясий партиялардын үгүт материалдарын атайылап жок кылуу фактылары катталды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, алар жоопкерчилик жөнүндө эскертүү берди.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, Эгерде жарандар үгүт материалдарын жок кылуу максатында атайылап алып салса, жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Араван районунда жарандар саясий партиялардын баннерлерин чечип салган фактылар катталган.

Эгерде ушундай аракеттер байкала турган болсо, анда алар мыйзам чегинде жоопко тартылышат.

Агай ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) жана 210-беренеси (“Башка бирөөлөрдүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу”). Ошондой эле, Бузуулар жөнүндө кодексинин 48-беренеси  (“Үгүт материалдарын жок кылуу же зыянга учуратуу”) боюнча жоопко тартылат. Айып пулдун суммасы 7 миң сомдон 300 миң сомго чейин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости