www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тууганчылыкты бийликти колдонгон көрүнүш Европада «непотизм» деп аталып калган. Азыркы учурда непотизм деп, кандаш туугандарды бийлик бутагына алып келүү, алардын кызыкчылыгын коргоо жана бийлик жүргүзүүдө туугандарга гана таянуу деп эсептөө болот. Италия тилинен которгондо «nероtе» - жээн деген сөздү билдирет. Европа өлкөлөрүндө Кайра жаралуу доорунан баштап Рим Папалары өзүлөрүнүн бийлигин жана ал бийликти коштогон байлыкты кармап калуу максатында жогорку кызматтарды жакын туугандарына тарата баштаган. Тарыхты эстесек, Европада Павел III Рим Папасы өзүнүн бийлигин жээндери Алессандро жана Оттавио Фарнезеге өткөрүп бергени маалым. Ошол эле, Европа тарыхында белгилүү Медичи, Борджиа, Орсини династиялар жана алардын үй-бүлөлүк бийлиги кылымдарга узаган.

Кайсыл бир керектүү учурда жардам бергендик үчүн, колдоп койгон үчүн, кийин чоңоюп, кызмат ээлеп, абройлуу орунга ээ болгон адам сөзсүз түрдө өзүнүн жолунда колдогон адамдарга ыраазычылыгын билдиргенге умтулат. Тилекке каршы, бул ыраазычыл көпчүлүк учурда кызматка келгенден кийин тууган-туушкандарын жумушка орноштуруп, тегерегиндеги жакын адамдарды топтоп, ишке алуу, абдан эле өөрчүп кеткен. Бул көрүнүш Кыргызстанга гана таандык деп айтсак жанылышабыз. Деги эле тууганчылыкты өтө бекем сактап, бийлик кызматында отурганда жерге-жээги менен бийлик бөлүшүү тарыхта байыртадан эле бар болгон.

Кыргызстанда советтик доорго чейин эле тууганчылык, уруучулук өөн көрүнүш болгон эмес. Ага бир топ көрүнүштөр себеп болгон. Советтик доор учурунда деле тууганчылык принциптер колдонулуп келген. Совет мезгилинде тууганчылыкты эске албаган деп, Сталинди гана эсептөөгө болот десем жаңылышпастырмын. Тууганчылыкты колдонбогону ал өзүнүн уулу Яковду туткунга түшкөндө немистин фельдмаршалына алмаштырбастыгын айтып, бул сөзүнө бек турган. Сталин бир гана өзүнүн үй-бүлөсүнө катуу болбостон, тегерегиндеги иштеген адамдардын дагы туугандарын бийлике жолоткон эмес. Сталиндин негизги принциптеринин бири: «Кадрлар баардыгын чечет» деген ураан болгон. Бирок, Сталиндин убагы кеткен сон, непотизм абдан эле советтик коомдо өнүккөнү маалым. Ошол эле, Хрущевдун күйөө баласы, журналист Аджубей Борбордук Комиттетин мүчөсү болгон. Ал эми, Брежневдин доорунда непотизм бактагы гүлдөй болуп гүлдөгөн. Күйөө баласы Чурбанов СССРдин ички иштер министиринин орун басары болсо, уулу Юрий тышкы экономиканы көздөгөн министирликте орун басар болуп иштеген. 1990-жылдан баштап Советтик система кыйроого учурады. Менин оюмча бул күчтүү, он беш мамлекетти бир чоң мейкиндикте бириктирип келген системанын курашынын бирден-бир себеби болуп непотизм болгон. Ар бир көз карандысыздыкты алган мамлекеттер өз жолуна түшкөндөн баштап, непотизм, тууганчылык, уруучулук, жердешчилик өтө эле өөрчүй башталганы шексиз. Бийлик башына келген «Аталар» (ажолор), Римдик Папалар сыяктуу өздөрүнүн уулдарына, кыздарына, балдыздарына, инилерине, келиндерине бийлик бутактарына келүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Ошол эле жакын жана алыс жайгашкан мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстан дагы бул тажырыйбаны «ийгиликтүү» кабыл алды.

Үй-бүлөлүк башкаруу, тууганчылык принципти кармануу бул терс көрүнүштөрдү алып келүүсүн Кыргызстандын мисалында эки ирет айкын болду. Албетте, бийлике келген соң, жакын жана ишенген адамдарга муктаждык жаралат. Ошол учурда, байлык топтоо мүмкүнчүлүктөр дагы пайда болот. Тарыхка көз чаптырсак, биздин коомдо аристократтар болгон эмес. Ошондуктан кандайдыр бир титул, наам, же болбосо ыйгарылган таажы таштап кете албаганын билген журт башчылары туугандарына ошого тете байлык, жогорку статус калтыргысы келишет. «Карга дагы баласын аппагым дейт» деген принцип менен саясатта орун алгандар балдарына жана бир туугандарына саясий партияларда, парламентте, сот системасында, жана эл аралык финансы уюмдарда кызмат таап бергенге чоң аракет жасоодо. Ошондуктан, көпчүлүк учурда бийлик бутактарында чечим чыгаруучу кызматтарга тууганчылык же болбосо акчанын күчү менен келгендердин саны арбып баратат. Бүгүнкү күндө саясий бийлик аркылуу байлык топтоо мүмкүнчүлүк абдан тыгыз чырмалышып калган учур. Коомчулукта, жана карапайым элдин түшүнүгүндө саясий кызматка барган адам сөзсүз түрдө байлык топтоого жолу ачылат. Бул түшүнүк эл арасында абдан эле сиңирип калды. Ошондуктан бийлике ишенбестик абдан жогоруу болууда. Эл бийлике ишенбесе, бийлик элге ишенбейт, ишкерлер банкттарга ишенбесе, банктар кардарларга ишенбейт. Жадагалса ата-бала бири-бирине ишенбей калган учурга келип жеттик. Коррупциянын өсүүсү өтө жогору болгондуктан кызматтан кызмат алмашуулар, кызмат сатуу, жана сатып алуу өтө терс көрүнүшкө айланып бара жатат. А бирок, ошол эле учурда кызмат сатып алган адам, өзүнүн профессионалдык даярдыгына кепилдик бере алабы? Ал адам, коомго, өлкөгө зыян кылбастыгына ишеними барбы? Ошондой эле, мекемелерге туугандарын-жердештерин топтоп алган жетекчи, иштин көзүн билген адамдарды алып жатабы, же болбосо иштин кесепетинен жоопкерчилик жеке өзүнүн мойнуна түшүп калабы? Деги эле, жумушка алуу принциптерди жанылануу учуру келдиби? Көпчүлүк эл аралык абройлуу уюмдарда жумушка алуунун бир нече тепкичтери иштелип чыккан. Алардын негизги талабы бул - профессионалдык деңгээл, жана ошондой эле, өзүнүн ишине так жоопкерчиликтүү мамиле жасоо. Кызматкерди жумушка аларда: тестирлөө, кепилдик кат, жана атайын жолугушуу этапатары каралган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости