www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-апрель күнү эле Бишкекте ремонтко байланыштуу 14 жолу жарык өчүрүлдү, башкача айтканда, күн алыс кайсы бир көчө же конуш күн бою электр энергиясы жок калууда. Бир эле маалда 5 же андан ашуун көчөдө жарык өчүрүлүүдө. Борбордо эскилиги жеткен трансформатор же башка жабдуулар эчактан бери эле шылтоого айланган, андыктан, жарыгы жок калуу коркунучу жыл сайын айрыкча кышкы сууктун алдынан күчөйт. Буга таң калуунун кереги жок, анткени, электр тармактары СССРдын убагында адам башына 1,5 кВт.ка эсептелген керектөө үчүн курулган. Ал кезде бир үй-бүлөдө болсо 1 телевизор же 1 муздаткыч боло турган.
Кыргызстандын энергетикалык эсептөө борборунун маалыматтары боюнча «өлкөдө көзөмөлгө алынбаган электр энергиясын пайдалануу өсүүдө, аталган процесс калктын керектөөлөрүн камсыздоо үчүн энергетикалык кубаттуулуктарды өстүрүү зарылчылыгын жаратууда».
Кыргызстандын энергетика тармагынын эскилиги жыл өткөн сайын ачык байкалууда. 2009-жылы эскирүү 72 пайызды түзөөрү айтылган эле, андан 10 жыл өткөндөн кийин деле эскирүү болжолу менен 65-70 пайызды түзгөн. 2021-жылы Чакан ГЭСтин эскирүүсү 100%ызга, Бишкекжылуулукборборунуку – 96%, «Электр станциялары» ААКныкы – 80%, Ошэлектронуку – 73%, НЭСКтики- 69%га жеткен, калгандарыныкы 50%ыздан ашып кеткен.
Мындан көрүнүп тургандай, жаңылоо иш жүзүндө болгон эмес. Ошондуктан өлкөнүн энергетика тармагынын кыйроо алдында турганы жөнүндөгү кеп эми көйгөй маселе катары эмес, чечилген иш катары айтыла баштады. Болгону качан деген гана суроо жаралат. Энергетиктер менен эксперттер муну 2025-жылда болушу ыктымал дешүүдө.
Маселе мында жатат, энергетика тармагы өлкө экономикасын толугу менен түпкүргө чөктүрүп салышы мүмкүн. «Улуттукэнергохолдингдин» маалыматтарына ылайык, КРнын энергетикалык долбоолор боюнча тышкы карызы болжолу менен 100 млрд сомду түзөт, бул сумманын дээрлик баарын биз Кытайга төлөшүбүз керек.
Өткөн жана быйылкы жылда Кыргызстан жылына чет элдик кредиттер боюнча 5 млрд сомдон төлөй баштады, кийинки жылдан тарта – 8 млрд., 2025-жылдан тарта – жыл сайын 10 млрд. сомдон төлөп турушу керек. Кредиттердин баары энергетика тармагын реформалоого алынган. Бирок гидроэнергетикалык потенциалы 142 млрд. киловатт-саатты түзгөн республиканын энергетика тармагы бүгүнкү күндө деле кейиштүү абалда калууда. Бул кредиттердин канчалык натыйжалуу пайдаланылгандыгы туурасындагы маселе өлкөдө бир күнү сөзсүз айтылат.
Азырынча болсо Кыргызстандын энергетикалык эсептөө борборунда айтып жатышкандай, «жаңы станцияларды куруу ири финансылык салымдарды талап кылат, ал эми республикада электр энергиясына коюлган тарифтер мындай чыгашаларды жаба албайт. Энергетика тармагындагы каражаттардын жетишсиздиги негизги энергетикалык жабдууну модернизациялоону оордотот жана бул электр энергиясы менен камсыздоодо аварияларга жана үзгүлтүккө учуроого, акыркы жыйынтыгында толугу менен кыйроого алып келет».
Энергетика тармагында кубаттуулуктарды өзгөртүп жана өстүрүүгө жумшай турган акча жок. Ал эми оңбогондой кирешеге туйтунуп жатышкан компаниялардын электр энергиясын керектөөсү күн санап өсүүдө. Булар уюлдук операторлор, майнингдик фермалар, IT-технологиялар тармагы, ресторандык бизнес, ири соода борборлору ж.б.
Мындан тышкары, эгемендиктин 30 жылы ичинде мамлекет калкка жана ишканаларга электр энергиясын тармак үчүн чыгашалуу бааларда сатып келди. Тарифтер акыркы жолу 2014-жылы өзгөртүлгөн: керектөөчүлөргө 1 кВт/с үчүн 77 тыйындык акы төлөөнү киргизишти. Эгерде лимит 700 кВт/саатка чаап кетсе, ар бир киловатт 2 сом 16 тыйындан эсептеле баштаган. Өнөржай, айыл чарба өкүлдөрү ж.б. 2 сом 24 тыйындан төлөшүүдө.
Мына ушундан улам эл аралык уюмдар Кыргызстанга бир нече жылдан бери электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатууну кайра-кайра сунуштап келишүүдө. Мисалы, 2019-жылы Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) ушундай кеңеш берген. Бирок электр энергия маселеси республикада эчактан бери эле саясий маселеге айланган. 10 жылдан бери же 2010-жылдан тарта элиталар шайлоо алдынан же кезектеги премьерди ээрден шыпырып түшөөрдө ушул маселени көтөрүүнү адатка айландырып алышкан. Мисалы, жылытууга жана ысык сууга болгон тарифти 1 кВт/саат үчүн 1,5 сомго жана 1,050 сомго (1 Гкал үчүн) көтөрүү Курманбек Бакиевди оодарып түшүүгө шылтоо болуп берген.
2010-жылдагы революциядан кийин жаңы бийлик «элге каршы» тарифти жокко чыгарган. Тариф маселесине өлкө 2014-жылы гана кайра кайтып, «2014-2017 – жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тариф саясаты» бекитилген. Анда бөлүштүрүүчү компаниялардын карыздарын жоюу жана энергетиканы өзүн өзү каржылоо деңгээлине чыгаруу үчүн тарифтерди жогорулатуу каралган.
Бирок, 2021–жылга деле Кыргызстан ошол эле көйгөйлөр менен кирди. Ошондуктан, Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында анын талапкерлиги премьер-министр кызматына, ошондой эле, программасы каралып жаткан учурда өкмөттүн токтомуна ылайык, электр энергиясына тарифтер жыл сайын 10%га көтөрүлүп турушу керек экенин ошол замат эле айтып чыкты.
Бүгүн өкмөт ушул жылдын август айынан тарта тарифтерди жогорулатуу маселесин коомдук талкууга алып чыгууда. Анда жону жука катмардагылар үчүн 74,2 тыйын өлчөмүндө, алыскы жана тоолуу райондор үчүн -1,04 сом, турмушу камсыз болгондорго –1, 48 сомдон белгилөө каралган. Кыш маалында 1000 кВт/сааттан ашык керектегендерге карата 2,29 сомдук тариф белгиленмекчи.
Өнөржай ишканалары 2,38 сомдон, алтын казган компаниялар жана криптовалюта чыгарган майнингдик фермалар – 4,76 сомдон төлөмөкчү, электр менен иштеген коомдук транспортко – 1,68 сом, насостук станциялар үчүн тариф 1,48 сом өлчөмүндө коюлмакчы.
Энергетиктердин пикиринде бул каражаттар чыгашаларды жабууга жардам берет. Бирок элдин ишеними кетип бүттү, анткени мындай жүйөөлөрдү бийлик башындагылар биринчи жолу айтып жаткан жери жок. Дал ушундан улам түшүп жаткан каражаттар боюнча толук ачык-айкындууулук, катуу көзөмөл жана жаңы тариф саясатына коомдук байкоо жүргүзүү керек.
Анткени, Кыргызстан 2023 –жылдан баштап Тажикстан менен биргеликте CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын Пакистанга, Ооганстанга экспорттоп баштоого тийиш. Бул долбоорду ишке ашыра турган 15 жыл ичинде Кыргызстан 1,5 миллиард доллардан ашуун каражат табууну пландаштырууда. Бир гана жери, өлкө бул долбоорго бүгүнкү күнгө чейин даяр эмес, балким жаңы тариф саясаты аталган стратегиялык энергетикалык долбоорду ишке ашыруу жолундагы алгачкы кадам болуп калгысы бардыр.
Энергетика тармагынын башкы инвестору айланып келип эле эл болгону турат. Демекчи, кыргызстандыктар мамлекет колунан келбей калган учурда ишти өзү колго алууга көнүп деле бүтүштү. Ал эми мамлекет болсо күзүндө өтө турган парламенттик шайлоону эске алганда, тарифтер кайра эле саясий оюндарга шылтоо болуп бербеси үчүн максималдуу ачык болууга тийиш.
Булак: NazarNews.kg