www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү өз убагында кенемте албай калган медиктер үчүн бюджеттен 200 млн сом бөлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Facebook баракчасынан түз эфирде билдирди.

Ал белгилегендей, компенсация албай калган медицина кызматкерлеринин маселеси чечилет.

“Биз республикалык бюджеттен 200 млн сом бөлүү тууралуу документ даярдап жатабыз. Кенемте албай калган медиктер кайрадан документтерин чогултуп комиссияга тапшырышы зарыл”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, премьер 1-июлдан тарта медицина кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлө тургандыгын эске салды.

Эскерте кестек, үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Бишкекте медкызматкерлер тынчтык жүрүшүнө чыгышкан. Алар пандемия маалында медкызматкерлер күнү-түнү иштегенин айтып, кенемте төлөнбөй жатканын билдиришкен. Ошол эле күнү кечинде медиктерди биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости