www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн маалымат жыйында өлкөдө коронавирустун жаңы штаммына карата киргизилген чектөөлөргө байланыштуу үлпөт тоюнан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости New Zealand Herald басылмасына шилтеме берип жазды.

Жаңы Зеландия "омикрон" штаммына байланыштуу дүйшөмбүгө караган түнү ооруга каршы чара көрүүнүн "кызыл" деңгээлине өтүүгө камынууда. Ардерн билдиргендей, туулган күн жана үлпөт той деген сыяктуу салтанаттарга 100дөн ашык киши келе албайт. Ал эми эмдөөдөн өткөн сертификаты жоктор 25 адамдын катышуусунда майрам өткөрө алат.

"Өзүмдүн үлпөт тоюм болбойт. Пандемиядан жабыркаган миңдеген кишиден айырмам жок деп эсептейм", — деген Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы.

Бул өлкөдө коронавирус инфекциясын 15 миңден ашуун киши жуктурган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости