www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жаңы 2022-жылга карата өндүрүштүк календарды бекитти.
Документке ылайык, жылдын биринчи күнү, 1-январь, ишемби болгондуктан, эс алуу күнү 3-январга жылдырылат. Демек, 5 күндүк график менен иштегендер үч күн: 1чи, 2чи жана 3-январда эс алат.
6-январь - майрам алдындагы кыскартылган күн, 7-январь - эс алуу күнү, бул күнү Рождество белгиленет.
Эмгек министрлигинен 1-январдан 10-январга чейинки эс алууда кандайдыр бир өзгөртүүлөр болоор-болбосу тууралуу департамент кошумча маалымат берээрин белгилейт.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын символу Көк суу жолборсу.
Булак: NazarNews.kg