www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 1-январынан баштап 16 жашка чыга элек балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө толуктоо катары бала Кыргызстандын жараны экендигин тастыктоочу кошумча барак (вкладыш) берүү токтолот. Анын ордуна балага жалпы жарандык паспорт бериле баштайт.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирүү таратты. Анда элчилик 2019-жылга чейин аталган кошумча баракты айрым тийиштүү кырдаалдарда гана берүү тууралуу тапшырма менен иштей тургандыгы белгиленген. Ага ылайык мамлекеттик чек арадан өтүүдө балдарга жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуучу) алуу ишин алдын-ала баштоо тууралуу сунуш айтылган.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы балдарга жалпы жарандык паспорт берүүнүн жолдору жеңилдей турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости