www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен советтик, большевиктик, тоталитардык принциптерди чыгармачылыкка карата пайдаланып, ага тыюу салууга, чектөөгө, кийлигишүүгө принципиалдуу түрдө каршымын. Каршы эле эмес, жек көрөм дагы. Мындай пикирин драматург жана режиссёр Жаныш Кулмамбетов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Көптөн күткөн «Манастын уулу Семетей» фильмин бүгүн көрдүк. Мен советтик, большевиктик, тоталитардык принциптерди чыгармачылыкка карата пайдаланып, ага тыюу салууга, чектөөгө, кийлигишүүгө принципиалдуу түрдө каршымын. Каршы эле эмес, жек көрөм дагы.

Чыгармачылык эркин көрүнүш. Демократиянын базалык баалуулуктарынын бири ушунда. Бул менин өтө терең ишенимим. Ошон үчүн фильм тартыла баштаганда бул туурасында өз пикиримди ачык билдиргем.

Бирок, тилекке каршы, бүгүн фильмди көрүп чыккан соң, мындай турушунда көрүүчүлөргө сунуштоого болбосун айтып, каршы экенимди кескин билдирүүгө туура келди. Анткени, мен кыргыздын уулумун, а «Манас» мен үчүн ооздун курулай жели эмес - Ала-Тоолук элимдин эң улуу, эң ыйык, эч бир байлыкка алмашкыс рухий мурасы!

Ошентип, менин демократиялык принциптеримден да «Манасты» кадырлоом, улуттук намысым жогору туруп калды.

Мына ушундай кейиштүү чындыкка бүгүн туш келдим...

Өтө өкүнүчтүү. Эгер фильм көркөмдүк беделге ээ, колго алаарлык болсо, мындай көрүнүш болмок эмес. Мындай кескин пикирди айтмак да эмесмин.

Албетте, Өмүрзак Төлөбеков таарынган чыгаар, бирок бул менин жеке позициям, ынанымым...

А эгер объективдүү жагдайга келе турган болсок, чакырылгандардын көпчүлүгү фильмди кабыл алышпаганы баамдалды. Президент Садыр Жапаров да мындай турушуна каршы экенин билдирди, маңыздуу сын пикирлерин айтты. Фильмди оңдоп-теңдеп кийинки күздө кайра көрсөтүүнү сунуштады», - деп белгилеген Кулмамбетов.

Белгилей кетсек, бул кино кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» пьесасы жана «Семетей» эпосунун негизинде тартылган.

Эске салсак, учурунда коомчулукта «Манастын уулу Семетей» тасмасынын тартылышына нааразы болгондор да чыккан. Бул ортодо тасмага режиссёрлук кылган Өмүрзак Төлөбековго да каршы пикирлер айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости