www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров: 2011-жылкы шайлоого

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү териштирип жаткан мамлекеттик комиссия “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акчасын президенттик шайлоого пайдалануу ыктымалдыгын изилдеп жатат. Бул тууралуу 12-майда “Азаттык” радиосуна комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү документтерге ошол кезде премьер-министр болуп турган, кийин шайлоодо президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаев кол койгон:

“Сентябрда шайлоо болуп жаткан учурда “Центерра” “РСК-банкка”10 миллион доллар которгон экен демөөрчүлүк жардам катары. Капиталдык салымды ошол кезде каржы министри бекитчү экен, бирок премьер-министр өзү бекитип, акчанын баарын шайлоого түштүккө мектептерге которгон экен”.

Жапаров “Мурункуларга Башкы прокуратура баасын берсин” деп белгилеп, расмий маалымат алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кат жөнөтүлгөнүн айтты.

Атамбаевдин жактоочулары бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр абакта отурат. 2019-жылы ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу камакка алынып, 11 жылга кесилген. Мындан тышкары ал Кой-Таш окуясы үчүн да айыпталууда.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 12-майдагы жыйынында «Кумтөр Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирди. (TSh)

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости