www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, Камчыбек Ташиевди колдоо вариантын караганын журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Жапаровдун айтымында, президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин эс алууга кетүүнү пландаган. Ошол учурда 2027-жылдагы шайлоого Камчыбек Ташиев катышышы мүмкүн эле.

«Мен 2027-жылы алты жылдык президенттик мөөнөтүм аяктаганда, эгер Камчы даяр болсо, кайрадан президенттик шайлоого катышпайм деп ойлогом. Камчы президент болуп, мен эс алууга кетмекмин. Мындай планым бар болчу. Бир жыл мурда өзүнө да айткам.

Мен чет өлкөдө төрт жыл жашадым, төрт жыл түрмөдө отурдум, акыркы алты жылды болсо дээрлик кайтарууда жүргөндөй өткөрдүм. Чачым агарды, неберелерим төрөлдү, үй-бүлөм менен көбүрөөк убакыт өткөргүм келген. Ага: “Даяр бол, айланаңды тазала, өзүңдүн кадрларыңды тарбияла”, — деп айткам.

Бирок кийин карасам, ал даяр эмес экен. Анын кызматкерлери өздөрүн талапка ылайык алып жүрүшкөн жок, айланасындагылар ашкере көтөрүлүп кетишти. 75 аксакалдын каты чыкканда, парламентти генералдын тарапташтары деп бөлө баштаганда, мен аны чакырып: “Мындай болбойт. Элди бөлүүгө болбойт. Мен түндүк-түштүк деп элди бөлгөндөрдү катуу жазалап келем, анткени эл эми гана биригип жатат. Ошондуктан таарынба, мен сени кызматтан алам. Эгер шайлоого катышам десең, мен сага бардык шарттарды түзүп берем”, — дедим», — деп билдирди президент.

Последние новости