www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 27-февралда “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан республикалык кеңешмеде “Кумтөр” маселесине токтолду.
Анын айтымына карганда, “Кумтөр” маселеси бүтүндөй өлкө үчүн, анын ичинде жеке өзү үчүн өзгөчө көйгөй болуп келгенин айтты.
"2021-жылы мамлекетибиздин бекем позициясынын негизинде “Кумтөр” толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өттү. Тарыхый мааниге ээ мындай чечим өлкөбүздүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөнүн олуттуу этабына айланды.
Биз тандаган багытыбыздан тайбай, туура нукта бара жаткандыгыбызды тастыктай алдык. 2021–2025-жылдары “Кумтөрдүн” өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды же 440 миллиард сомдон ашык каражатты түздү.
Бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 миллиард 176 миллион доллар же 100 миллиард сомдон ашык акча каражаты түштү. Мындан тышкары, акыркы төрт жылда мамлекет 441 миллион доллар же 38 миллиард сомдон ашык дивиденд алды.
Тарых үчүн салыштырып айта кетейин, 1994-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан “Кумтөрдөн” болгону 100 миллион доллар дивиденд алган. 410 тонна алтын чыгып кетсе, ошонун 1 тоннасы гана Кыргызстандын пайдасы болгон. Ал эми бүгүн “Кумтөр” бюджеттин туруктуу киреше булагы болуп, социалдык милдеттенмелерди жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого кызмат кылууда".