www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Заманбап технологиялар чиновниктердин жана бюрократтардын салмактуу бөлүгүн кыскартууга жол ачууда. Ошондуктан кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Кечээ өкмөттүн маалымат кызматы Жапаровдун элге кайрылуусун жарыялады. Анда жакында жасала турган реформа жана экономика тууралуу дагы кеп болгон.
“Биз реформалар боюнча атайын комиссия түзөбүз. Ал өлкөбүздүн экономикасын башкаруудагы мамилелерди өзгөртөт. Кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат. Алгач президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында катуу өзгөрүүлөр, оптималдаштыруулар болот. Кыскартууларды биз өзүбүздөн баштайбыз”, — деди Жапаров.
Ал ошондой эле экономика жаатында кырдаалды турукташтыруу, инвесторлордун ишеничин калыбына келтирүү, ишкерлер үчүн коргоо жана коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу иштери аткарыларын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg