www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам монополияга каршы жөнгө салууну жакшыртууга багытталган.

«Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын максаты — мамлекеттик ишканаларга артыкчылыктарды берүү жана катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же адамдардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүү аркылуу товардык рыноктордо атаандаштыкты чектөөгө жана рынокту монополдоштурууга жол бербөө болуп саналат.

Бул ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошот. Ошондой эле, атаандаштык жөнүндө мыйзамдардагы майда бузууларга жол берген чарбакер субъекттерге жаза чараларын колдонууга жол бербөө максатында эскертүүчү институтту киргизүү каралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости