www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров: Бийликтин таттуулугун сезген деле жокмун

Президент Садыр Жапаровдун кезектеги маеги "Кабар" агенттигине жарыяланды. Анда өлкө башчы бир катар суроолорго жооп берген.

Маек учурунда Жапаровго бийликтин таттуулугу тууралуу суроо узатылган.

"Чынын айтсам таттуулугун сезген деле жокмун. Себеби мамлекет менен жалпы элдин тагдыры сенин мойнуңда болгондо сен деле сезмек эмессиң. Анткени күнү-түнү дебей ойлонуп чыгасың. Уйку жок.

Ар бир ички жана тышкы саясатта жүрүп жаткан иштерге 24 саат бою сарсанаа болосуң. Эгер мурдагыдай жоопкерчилиги жок системада башчы болуп олтурсам анда балким бийликтин таттуулугу сезилмек. Себеби эч нерсеге жооп бербейсиң. Жыргап жүрө бересиң. Жакшы иштер жасалса президент өзүнө ыйгарып, жаман иштер болсо өкмөт менен парламентке түртө салчу. Президент көшөгөнүн артында олтурчу. Ошентип көшөгө артында олтуруп алып 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырышпадыбы. Мамлекет алдыга жылбай бир орунда токтоп тургандын себеби да ушунда болду.

Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду. Мейли президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда.

Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет. Көп суур ийин казбайт дегендей жоопкерчилик бир кишинин мойнунда болбосо болбойт экен. Анархия болуп мамлекетибиз чачырап кете жаздады.

Албетте өкмөт менен парламенттин, сот менен прокуратуранын да өздөрүнө тиешелүү жоопкерчиликтери бар. Ар бири өз иштери үчүн мыйзам чегинде керт баштары менен жооп берет.

Эми саясатты артка таштап, экономиканы алдыга жылдыруу менен элдин жашоосун жакшыртууга жан үрөйлү. 30 жыл саясатташып жүрүп эч бир жакшылык тапкан жокпуз. Бир эле мисал келтирсем кошуна Кытай мамлекетинен технология жагынан алганда 100 жылга артта калыптырбыз. Эми ошону кыска убакытта, 20-30 жылда кубалап жетели", - деди Жапаров.

Последние новости