www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров куралдуу чек ара жаңжалында жапа чеккен баткендиктер үчүн гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылган Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда болду.

Ал Баткен облусундагы согуштук аракеттерге токтолуп, чек арага жакын жайгашкан айылдардын айрым тургундарынын Бишкекке көчүрүү талабын аткарууга болобу деген суроосуна жооп берди.

«Элдер жакынкы айылдарга гана эвакуацияланат. Бул үчүн Кадамжай, Жалал-Абад жана Ош шаарларында жайлар даярдалды. Аскердик аба транспортунун саны чектелген. Жарандарыбызга сабырдуулук тилейбиз. Мен ойлойм, жакынкы аралыкта биз баарын жөнгө сала алабыз. Дарыланууга муктаж болгон бардык бейтаптар жеринде дарыланат. Квалификациялуу жардамга муктаж болгондор болсо Бишкекке алып келебиз”,-дейт Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости