www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тойканалардан түшкөн салык 2022-жылы кескин түрдө көбөйдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, бүгүнкү күндө чөнтөккө салдырбай, эч кимге жедирбей, саясий коррупцияны жок кылып жатышат.

"Ар бир тойканада бир кишиге 1000 сомдон кем албайт. Бир тойкана жылына 208 миң сом төлөчү экен, биз көзөмөлдү күчөтүп, ККМ коюп карайбыз дегенде 2 миллион 522 миң төлөй баштады. Мурун айына 15 миң сом эле салык төгүп келишкен экен да. Азыр бир официант күнүнө 1000 сомдон иштеп жатпайбы. Мына ушинтип ар бирин карап жатабыз. Тойканаларды куруш үчүн 1,5-2 миллион сом сарпташат, өкмөткө төлөгөнү айына 10-15 миң сом.

Баары чогулуп алып үстүнөн ушул 2,5 миллион сомду чөнтөктөрүнө салып коюшчу. Биз азыр чөнтөккө салдырбай, эч кимге жедирбей, саясий коррупцияны жок кылып жатабыз. Ачык-айкындуулукка чыккандан кийин салык көбөйө баштады", -  деди Жапаров. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости