www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатканын айтты. Мындай пикирин ал 5-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форумунда билдирди.
"Европа биримдиги менен Борбор Азия кызматташтыгында жаңы барак ачылууда. Бул тарыхый окуя. Дал ушул конференциянын Бишкекте өтүп жатканына абдан терең маани беребиз. Бул кызматташтык эки чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосундагы 2019-жылы кол коюлган кызматташтык стратегиясына ылайык келет", - деди Жапаров.
Кыргыз президенти Борбор Азия өлкөлөрү эркиндик, адилеттик, теңдик деген баалуулуктарды колдой турганын кошумчалады. Ал Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык багытта жыл өткөн сайын кызыгуу жаратып жатканын белгилеп, бул аймактын потенциалы жогору экенин белгиледи.
"Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму алгач ирет өтүп жатат. Ал Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан форумга Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Казакстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьерлери, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Андан сырткары, Венгрия жана Австриянын тышкы иштер министрлери келген.
Булак: NazarNews.kg