www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек?”, - деп суроо салды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.
Мамлекет башчы дүйнө Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушу керектигин белгиледи.
Ал бүткүл дүйнөнүн көз алдында өтүп жаткан адам чыдагыс трагедияга кайдыгер карабоого чакырды.
“Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз!”, - деди Мамлекет башчысы.
Президент тынчтыкты орнотуунун бирден-бир жолу: «Эки эл үчүн – эки мамлекет» принцибин ишке ашыруу экенин баса көрсөттү.