www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп Канат Табалдиев дайындалганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону айтылды. Өлкө башчынын башка тескемеси менен бул кызматты ээлеп турган Темирболот Абыкеев иштен алынган.

Эске алсак, буга чейин Темирболот Абыкеев УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз саткан деген шек менен кармалганы 24-июлда кабарланган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости