www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө убактылуу тартип киргизилгенин билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин Кыргызстанда миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат. Бул мезгилде аларга карата айрым административдик жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.

Бул чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 24-июнундагы №233 Жарлыгына жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жок адамдардын өз ыктыяры менен чыгып кетүүсү жөнүндө Убактылуу жобого” ылайык ишке ашырылууда.

Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз ыктыяры менен кайрылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар:

  • миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликтен бошотулушу;
  • мамлекеттик алым төлөбөстөн чыгуу визасын тариздей алышы;
  • белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан тоскоолдуксуз чыгып кетиши мүмкүн.

Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү чечим алуу зарыл. Андан соң керектүү документтерди тиркөө менен e-Visa порталы аркылуу чыгуу визасын тариздөө керек.

Бул мүмкүнчүлүктү төмөнкү адамдар пайдалана алышат:

  • болуу мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
  • визасынын же башка уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен адамдар;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн тастыктоочу документтери жок адамдар.

Ошол эле учурда убактылуу тартип төмөнкү адамдарга жайылтылбайт:

  • аларга карата кылмыш иши козголгон болсо;
  • мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери бар болсо;
  • төлөнбөгөн айып пулдары же салыктык карыздары болсо;
  • ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка категориядагы адамдарга.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги белгилейт: берилген мүмкүнчүлүк Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүнү мыйзамдаштырууну карабайт. Ал чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга айрым административдик жоопкерчилик чараларын колдонбостон жана чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөм албай, өз ыктыяры менен чыгып кетүүсү үчүн шарт түзүүгө гана багытталган.

Убактылуу тартиптин мөөнөтү аяктагандан кийин бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбаган жана миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жүрүүнү уланткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.

Убактылуу тартиптин алкагында Кыргыз Республикасынан өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө байланышкан бардык маселелер боюнча төмөнкү даректерге кайрылууга болот:

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

  • ишеним телефону: (0312) 66-39-64;
  • дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

  • ишеним телефону: (0312) 66-30-70;
  • дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10.

 

 

 

Последние новости