www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөнү ичинен кемирип жеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө, алга жылуусуна кедергисин тийгизип, бардык тармактарга тамырын кеңири жайып кирип алган - коррупция көйгөйү дагы деле бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.
"Коррупциянын тамыры ушунчалык кеңейип, жайылган экен, биз өлкө башына келген күндөн тартып, башкы милдетибиз катары карап, чечкиндүү күрөш жүргүзгөнүбүзгө карабай, коомчулуктагы бул илдеттен тазалана албай келе жатабыз, ачык айталы.
Эки баштуу ажыдаарга айланган бул коррупциянын башын кессек, кайра экинчи башы өсүп токтобой жатат. Бирок кол куушуруп, шалдайып отуруп калган жерибиз жок. Коррупция менен айыгышкан күрөш уланып жатат.
Сиздер менен биргеликте курултайдын күчүн коррупцияга каршы күрөшкө туура багыттай алсак, натыйжасы сөзсүз болот деп ишенем", - деди президент Жапаров.
Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000дөн ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.
Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.
Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.
Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.
Булак: NazarNews.kg