www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жума күнү ШКУнун саммитинде сүйлөгөн сөзүндө азыр кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан кызуу салгылашуулар тууралуу эч нерсе айтышкан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
ШКУнун саммити 15-16-сентябрда Самаркандда жекеме-жеке өтүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин билдирүүлөрү негизинен ШКУнун алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө арналды.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ири кагылышуулар жума күнү эртең менен башталган. Тараптар бири-бирин аткылоо боюнча айыпташты. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 31 адам жабыркаганын билдирди. Кыргызстан Тажикстанды ок атышууну токтотуп, сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырды.
Булак: NazarNews.kg