www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы бийликтин кадамдары өч алууда болуп жатат. Мындай пикирин Кербен шаардык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков NazarNews маалымат аенттигине берген маегинде билдирди.
--Жанар мырза, учурдагы бийликтин алдыңкы сапта турган тарапташы элеңиз, тилекке каршы социалдык тармактан Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, аларга сын-пикир айттыңыз, эмне жолборс изинен кайттыбы?
-- Туура, мен алардан өтө алыстап кеткен жокмун! Эки достун акыркы кадамдары өч алууда болуп жатат, алсак жаш активисттердин камалышы туура эмес. Мен ушулар менен чогуу жүргөн партиялашы катары айтып койоюн, булар өч алуу жолуна түштү. Урматтуу Жапаров менен Камчыбек Ташиев быйылкы жыл сиздер үчүн өтө кыска жыл болбосун десеңиздер, куугунтукту токтотуңуздарды суранамын.
Эскерте кетсек, Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек 30-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Андан тышкары, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде кармалган. 19 жаштагы блогердин кармалышына Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени тууралуу эски кайрылуусун Фейсбуктагы өзү администратор болгон “Полит Узник” баракчасына жарыялаганы себеп болгон.
Ал эми, 14-сентябрда Свердлов районунун акиминин орун басары, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча 48 саатка камакка алынды.
Булак: NazarNews.kg