www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда шайланган президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү өкмөт үйүндө даярдалды.
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдиргендей, бүгүн, 28-январда инаугурациядан кийин президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Жапаровду иш бөлмөсү менен тааныштырат:
--"Филармониядагы салтанат бүткөндөн кийин шайланган президент өкмөт үйүндөгү өзүнүн иш бөлмөсү менен таанышат. Ал да түз эфирде көрсөтүлөт ".
Президенттик аппараттын өкүлдөрү да шайланган президенттин иш бөлмөсү өкмөт үйүндө боло турганын ырасташты. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта иштеп келген.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган инаугурацияга катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилери болуп жалпысынан миңден ашуун киши чакырылган.
Алардын баарына коронавируска ПЧР анализ тапшыруу тууралуу талап коюлган.
Алгач Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 млн. сом жумшалары айтылып, инаугурацияга даярдык көрүлө баштаган. Өткөн аптадагы алгачкы камылга учурунда президенттик кортеж үчүн башкы көчөлөр жарым сааттан ашык жабылган. Бул аракет машине тыгындарын пайда кылып, коомчулуктун сынына кабылгандан кийин шайланган президент Садыр Жапаров шаан-шөкөттөн, банкеттен, ашыкча чыгымдан баш тартарын жарыя кылган. Кортеж үчүн жолдор жабылбай турганын, инаугурация жупуну өтөрүн билдирген. Ант берүү аземин уюштуруу тобу 10 миллион сомдун жарымынан көп бөлүгү кыскартыларын маалымдаган.
Бирок 27-январда Ички иштер министрлиги атайын кортеж болорун жана өтүп бараткан убакта жолдор бир нече секундага жабыларын кабарлады.
Инаугурацияга бир күн калганда Конституциялык кеңешме президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды.
Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланганда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган. 10-январдагы шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% жакын добушун алып, президенттикке шайланды. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.
Булак: NazarNews.kg