www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы УКМК ардагерлеринин жана кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн эң ири облустарынын бири болгон Жалал-Абадда улуттук коопсуздукту камсыз кыла турган орган кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусу үчүн ыӊгайлуу шарттардын түзүлүп жаткандыгы кубанычтуу көрүнүш экенин белгиледи.

«Дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп, илим менен техниканын барган сайын өнүгүп жаткан маалында коопсуздукка коркунуч келтире турган улам жаңы чакырыктар байма-бай чыгып жатканы белгилүү», — деди президент.

Ошондой эле ал терроризм, экстремизм, этносторду бири-бирине кайраштыруу, адам сатуу, курал сатуу, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү сындуу коопсуздукка олуттуу сокку ура турган көптөгөн мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу иш-чаралары талаптагыдай жүргүзүлүп, талаптагыдай аткарылышы керек экенин белгиледи.

«Биз өлкөбүздүн улуттук коопсуздугуна кылдай зыян келтириши мүмкүн болгон жагдайларды дагы көз жаздымда калтырбашыбыз зарыл», — деди Садыр Жапаров.

Ал коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин так жана ырааттуулук менен аткарып, чалгын иштерин жана чалгынга каршы аракеттерди көрүп, паракорчулук, аткезчилик, терроризм, диний экстремизм, нарко-бизнес жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгиликтерди жаратып жатканын белгиледи.

«Ага жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирилген бир катар резонанстык иш-чаралардын жыйынтыктары далил. Жыйынтык бар, демек иш бар», - деди президент.

Ал өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Андан тышкары УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, башкармалыктар жана өлкөнүн региондорундагы райондук бөлүмдөргө жаңы имараттарды, ошондой эле заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландары жөнүндө айтып берди.

«Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден-соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек», - деп түшүндүрдү президент.

Мындан сырткары, генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясынын административдик окуу корпусун, жатаканасын жана спорт комплексин, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун имараттарын куруу пландаштырылууда.

Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук үчүн жаңы коркунучтар жаралып жатканын белгилеп, өткөн айда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн Улуттук коопсуздук концепциясы жактырылганын эске салды.

«Концепция өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга багытталган көптөгөн практикалык иш-чараларды өзүнө камтыйт. Биз өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды сактоо үчүн мыкты методикаларды жана механизмдерди күнүмдүк ишибизге колдонууга киргизишибиз керек», - деди мамлекет башчысы.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн көз карандысыздыгын коргоо боюнча ишинде ийгиликтерди каалады.

Андан соң мамлекет башчысы Башкармалыктын эки кабаттуу имаратын, иш орундарын, медициналык пунктун карап чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости