www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен эки тараптуу форматта жолугушту. Бул туурасында маалымат Кремлдин сайтына жарыяланды. Путин эки мамлекеттин мамилеси жакшы нукта өнүгүп жатканын белгилеп, өткөн жылы товар жүгүртүү өсүп 34 пайызга чыкканын айтты.

“Россия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө ишенимдүү түрдө биринчи позицияны ээлейт. Албетте, өзүнчө талкуулай турган маселелер бар. Биздин бүгүнкү эл аралык иш-чарабыздын аянтчасында ал көйгөйлөр боюнча дагы сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болору кубандырат”, — деди Путин.

Өз кезегинде Жапаров россиялык кесиптешине жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошону менен бирге Кыргызстан Россия менен ар дайым бардык багыттар боюнча өз ара кызматташууга даяр экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости