www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз", - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп жатып.
"Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм: кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз. Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз", - деди Садыр Жапаров.
Президент Кыргызстанда тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар экендигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg