www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров жүрөгү ооруп ооруканага түштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жүрөгү ооруп жана кан басымы төмөндөп, ооруканага түштү.

Ал бүгүн эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

"Ага электрокардиография жана коронарография процедуралары жасалганда инфаркт миокарды тастыкталган жок. Бирок жүрөк-кан тамыр спазмасы аныкталды. Учурда министрлер кабинетинин башчысынын абалы туруктуу, канааттандырарлык деп бааланууда", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин консилиумунда Жапаровдун ден соолугун калыбына келтирүү үчүн ооруканага жаткырып дарылоо чечими кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости