www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровдун жубайынын салыктан качканы далилдендиби?

Анара Жапаровага таандык компания салыктан качканы далилденген жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

"Ал акционердик коомдо жубайымдын 2,5 пайыз үлүшү болгон. Ошол сөздү тараткан киши (мурдагы Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев — ред.) далилдеп бере албай азыр катардагы жаран болуп жүрөт. Салыктан бир тыйын дагы карызы жок болчу. Ал компания 2009-2010-жылдары 200 миллион сом ссуда алган экен, анын баарын төлөп бүттү. Соцфонддон карызы бар экен, азыр төлөп жатат. Мен 200 миллионун көргөн да, алган да эмесмин. Ал каражатка кымбат техникаларды алган, бүгүнкү күндө алар күрөөдө турат", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал жубайы 1,2 миллиард сом салык төлөгөнүн белгиледи. Бирок контрабанда көбөйүп кеткендиктен ал компаниясын төрт жыл мурун жапканын айтты.

"Учурда келинчегим бак өстүрүү менен алек болуп жатат. Азыр бизден алыс эмес жерде отурган президенттердин бири текшертип карайм дегенде менин жубайым салык төлөгөндөрдүн биринчи сабында турганын көргөн. Анан баарын токтотуп койгон", — деди өкмөт башчы.

Жапаров жеке өзүнө же жубайына эмес, компанияга кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал эми прокуратура ал ишти аягына чыгарган-чыгарбаганын тактап берерин убадалады.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын соңунда Финпол өкмөт башчынын жубайы Анара Жапаровага таандык компания салыктан буйтап мамлекетке 90 миллион сом зыян келтиргенин кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости