www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапониянын өкмөтү 7-майда баш калаа Токио баштаган үч префектурада өзгөчө кырдаал режимин май айынын соңуна чейин узартуу маселесин талкуулайт. Мындай чара жайкы Олимп оюндарынын алдында коронавирустун жайылышын ооздуктоого багытталган. Байкоочулар жапон өкмөтү чектөөлөрдү узартат деп божомолдоп жатышат.
Анткени Токиодогу спорттук иш-чаранын башталышына үч айга жетпеген убакыт калды. Пандемияга байланыштуу былтыр өтпөй калган Олим оюндарына 11 миңден ашык спортчу катышат. Буга чейин Жапония мелдештерге чет өлкөлүк көрүүчүлөрдүн келишине тыюу салган.
Жапонияда коронавирус пандемиясынын кесепети башка мамлекеттерге карата азыраак сезилсе да, өлкөдө вируска каршы эмдөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg