www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапониянын өкмөтү өзүнүн куралдуу күчтөрүнүнү узак мөөнөттүү согуштук аракеттерди жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн чыңдоого ниеттенип жатат. Мындай билдирүүнү премьер-министр Фумио Кишида парламенттин төмөнкү палатасынын бюджет комитетинде талкуу учурунда билдирди. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.
«Биз 2023-финансы жылына карата мамлекеттик бюджетти түзүүдө коргонуу күчүн бекемдөөгө комплекстүү мамиле жасоону көздөп жатабыз. Бул жерде өтө маанилүү жагдай - узак мөөнөттүү аскердик операцияларды жүргүзүү үчүн потенциалды калыптандыруу, ошондой эле тийиштүү коргонуу структураларын чыңдоо болот», - деди ал.
Талкуунун жүрүшүндө жапондук депутаттар да ок-дарыларды кеңири топтоонун жана согуштук объектилерди модернизациялоонун зарылдыгын белгилешти. Бийликтеги либералдык-демократиялык партиянын Саясий кеңешинин төрагасы Коити Хагиуда, атап айтканда, буга көбүрөөк каражат бөлүүгө чакырды.
«Бул максаттарга улуттук дүң продукциянын 2 пайызын бөлүү жетишсиз болушу мүмкүн», - деди ал.
Жапониянын «Никкей» газетасынын билдирүсүнө караганда, өлкө куралдуу күчтөрүндө эки ай гана активдүү согуштук аракеттер үчүн жетерлик ок-дары бар, ал эми снаряддардын жана ракеталардын бештен бир бөлүгүнүн мөөнөтү өтүп кеткен. Ошондой эле, деп белгилейт гезит, колдо болгон аскердик техниканын жарымы оңдоону талап кылат же техникалык тейлөөгө материалдардын жетишсиздигинен токтоп турат.
Эске салсак, август айынын аягында Жапониянын Коргоо министрлиги 2023-финансылык жылга карата бюджеттик өтүнүчүнө гиперүндүү курал системаларынын ракеталарын кармап туруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга кеткен чыгымдарды киргизүүнү пландаштырып жатканы кабарланган. Агенттик Орусия менен Кытайдын тийиштүү курал системаларын өнүктүрүүдөгү ийгиликтерине көңүл буруп, бөгөт коюу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү чечти.
Булак: NazarNews.kg