www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапония өкмөтү быйылкы жайда электр энергиясын үнөмдөө боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жапон бийлиги жергиликтүү ишканалар менен жарандардан электр энергиясын 1-июлдан тарта 30-сентябрдын соңуна чейин саат 17:00-20:00 аралыгында үнөмдөөгө жардам берүүсүн өтүнүүдө. Өлкөдө мындай чектөөлөр соңку ирет 2015-жылдын жай мезгилинде киргизилген.
"Биз жашоочуларды 28 градуска чейин гана иштей турган кондиционерлерди орнотуу жана керексиз жерлерде жарыкты өчүрүү аркылуу энергияны үнөмдөөгө көмөктөшүүсүн өтүнөбүз", — деди экономика, соода жана өндүрүш министри Коити Хагиуда.
Мындан тышкары, жапон ЖМКлары бул кыш Фукусима-1 кырсыгынан кийин бардык атомдук станциялар жабылган 2012-жылдан берки эң катаал мезгил болорун жазып жатышат. Анткени быйыл жай айларында электр энергиясы боюнча көйгөйлөр борбор калаада гана күтүлүп жатса, кышта жалпы өлкөгө жайылат деген кооптонуу бар.
Буга жаратылыш газынын жана электр жарыгынын өлкөгө жетиши олку-солку болуп жатканы себеп.
Эске салсак, буга чейин АКШнын президенти Джо Байден өлкөдө электр энергиясын өндүрүүдөгү көйгөйлөрдөн улам өзгөчө кырдаал жарыялаган.
АКШнын энергетикалык коопсуздугуна Орусия менен Украинанын ортосундагы аскерий кагылыштан, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнөн улам энергетикалык рыноктордогу камсыздоо үзгүлтүктөрү коркунуч алып келүүдө.
Федералдык энергетикалык жөнгө салуу комиссиясынын жана Түндүк Американын электр энергиясынын ишенимдүүлүгү корпорациясынын болжолдоолору боюнча, бул факторлор жакынкы келечекте АКШда электр энергиясын өндүрүүдө көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg