www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалга чыкты.

Анын машыктыруучусу Чынарбек Изабеков беттештен кийин комментарий берип, Мээрим Олимпиадага жаракатына карабай келгенин айтты:

«Кыйын беттештер болду. Аягына чейин күрөшүп, финалга чыкты. Финалда америкалык балбан кыз менен күрөшөт. Чемпион болобуз деп келгенбиз. Көбү Мээримди утулат деп ойлошту. Операция кылыш керек эле ага карабай келди. Эгер операция болсо Олимп оюндарына катыша албай калмак», — деди ал.

Мээрим Жуманазарова жарым финалдык беттеште нигериялык, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси 35 жаштагы Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңди.

Алдыда чемпиондук үчүн күрөшөт. Мээримдин атаандашы АКШ балбаны, эки жолку дүйнө чемпиону Эмит Элор.

Булак: Азаттык.

Последние новости