www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 27-ноябрда Конституциялык палатанын алдына пикетке чыкты. Колуна "Мыйзам корголсун! Мыйзам сакталсын! Конституцияны өзгөртүүгө жол жок!"- деген жазууларды кармаган укук коргоочу Кыргызстанда бийлик мыйзамды бузуп жатат деп эсептейт:

"Мыйзамдуу мамлекет, мыйзамдуу бийлик болушу үчүн эң ириде биз парламенттик шайлоо өткөрүүгө тийишпиз. Президенттик шайлоо менен референдум өткөрүү мыйзамсыз, президенттик шайлоону токтотуу зарыл. Биз эл аралык коомчулукка уят болуп жатабыз", - деди активист.

Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу коюлган Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга чыгарылган. 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, иштелип жаткан долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейип, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости