www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты Рашид Тагаев башмыйзам тууралуу пикирин билдирди. Ал өз сөзүндө, “Кыргызстандагы жашаган элдин 99% Конституция эмне экенин билишпейт” – деди.
--“Урматтуу мекендештер! Сиздерге конституциялык реформа, Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча кайрылып жатам. Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты катары учурунда мен да өлкөбүздүн негизги мыйзамын өзгөртүү иштерине аралашып калгам жана ал кандай жүргөнүн жакшы билем.
Бийликтегилер дайыма өзгөртүүнү эл талап кылып жатат деп айтып келет. Кайсы эл? Сыртта жүргөн бир жарым миллиондон ашуун мигранттарыбызбы? Же коронавирустан жапа чегип жаткан жарандарыбызбы? Же тамак-ашына араң акча таап, эптеп жашап жаткан катмарбы? Калың элге азыр Конституция керек эмес. Андыктан элдин атынан сүйлөбөгүлө. Элге азыр бейпилдик, тартип, коопсуздук, туруктуулук керек. Кыргызстандыктар азыр сапаттуу медициналык тейлөөгө, жетиштүү эмгек акы төлөнгөн иш орундарына муктаж. Азыр баарынан да экономикага көңүл буруу зарыл. Конституциялык реформага ушул маселелерди чечип алгандан кийин деле жетишебиз.
Эки жолу ЖК депутат болгонмун, ошондо дагы “Башмыйзамды өзгөртөбүз” деп бир топ чыр-чатактар болуп, азыркы Башмыйзамга келишкен. Кыргызстандагы жашаган элдин 99% Конституция эмне экенин билишпейт. 80 депутат "Конституциянын жаңыртабыз" деп кол коюп берген, 80 депутаттан 2-3ү гана Конституцияны билсе, калгандары өзүңөр билесиңер карабай эле кол коюп койгон. Башмыйзамды депутаттар билбесе эл кайдан билет? Айыл өкмөт, губернатор, министрлер билеби? Алар билбегенден кийин эл дагы билбейт, анан чыгып алып “эл талап кылып жатат” деп элдин атынан сүйлөгөнгө болбойт. Сураныч силерден, элдин атынан айтпагылачы, кайсы элди айтып жатасыңар? – деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рашид Тагаев өзүнүн социалдык тармактагы Кайрылуусунда.
Булак: NazarNews.kg