www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эл жазуучусу, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Мар Байжиев өлкөнүн Башкы Мыйзамына бир катар жаңычылыктарды сунуштады.  

Жазуучу Кыргызстандын Туусунун жаңы вариантын да сунуш кылат - ал "Алтын Түндүк" деп аталып, кездеменин түсү көк түстө болот.

«Кездеменин так ортосунда кыргыздын орнаменти менен кооздолгон алтын тундүк болот, ал анын этникалык дарегин аныктап, казак жана монгол боз үйлөрүнүн түндүгүнөн айырмалап турат. Желектин этек жагында Кыргызстандын жети дубанын белгилеген жети ак тилке бар болот. Кездеменин жогорку бурчунда бакыттын, туруктуулуктун жана ишенимдүүлүктүн символу болгон Ак-Жылдыздын жети бурчтуу сүрөтү түшүрүлөт», - деп түшүндүрөт Байджиев.

Анын айтымында, жаңы желектин автору өзү жана сүрөтчү-аткаруучу - Бактыбек Күрөңкеев.

Ошондой эле, жазуучу учурдагы "Кыргыз Республикасы" дегендин ордуна, өлкөнүн атын "Кыргызстан Республикасы" деп которуу максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Байжиев сунуштаган Конституциясынын 1-беренесинде:

1. Кыргызстан Республикасы - элдик бийликтин суверендүү, унитардык, светтик демократиялык республикасы.

2. Кыргызстан эли- мамлекеттик бийликтин булагы жана ээси.  

3. Кыргызстан эли өз бийлигин Кыргызстан Республикасынын жарандары шайлаган Улуттук Курултай аркылуу жүзөгө ашырат.  

4. Улуттук Курултай Президентти, Жогорку Ассамблеянын депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку (Конституциялык) Сотунун төрагасын шайлайт жана алардын ишин контролдойт.

Тил саясаты төмөнкүдөй аныкталат:

1. Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик тили - кыргыз тили.

2. Кыргызстандагы орус тили улуттар аралык, ишкердик жана эл аралык байланышта колдонулат.

3. Кыргызстан Республикасы Конституциялык мыйзамдардын негизинде Кыргызстан элдеринин бардык тилдеринин сакталышына, өнүгүшүнө жана иштешине кепилдик берет.

Байжиевдин сунуштарына ылайык, Улуттук Курултайда жарандар тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланган 800 делегат: ар бир аймактан жана Бишкек шаарынан 100дөн өкүл болот.

Кыргызстандын аймактарында жана Бишкек шаарында Улуттук Курултайдын өкүлдөрү болуп Улуттук Курултайдын делегаттары тарабынан шайланган 100 делегаттан турган жергиликтүү кеңештер болот. Бул Улуттук Курултай Президентти (10 жылдык мөөнөткө, ал Өкмөттү дагы жетектейт), Жогорку Ассамблеянын 80 депутатын (беш жылдык мөөнөткө), Жогорку (Конституциялык) Соттун Төрагасын (өмүр бою) ачык добуш берүү менен шайлайт жана алардын отчетторун жыл сайын угат. Эгерде алардын ишине терс баа берилген болсо, анда алардын ар бирин кызматтан четтете алышат.  

Дагы бир кызык, Байжиевдин түзгөн Конституциялык проекттин негизинде: “шайлоолор жана конституциялык чечимдер ачык шайлоо аркылуу өтөт”.

Байджиев “бул долбоор жасалма чечимдерден, шайлоочулардын добушун сатып алуудан, трайбализмден жана башка ар кандай аракеттерден арылтат”- деп эсептейт.

Эгерде шайлоочу, Улуттук Курултайдын делегаты, Жогорку Ассамблеянын депутаты чынчыл болсо, абийирдүүлүк менен өз тандоосун жасаса, өзүнүн чыныгы баасын берсе, анда эмне үчүн шайлоону жашыруун кылыш керек? " - деп жыйынтыктайт Байджиев.

Бүгүн ал Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө анын Конституциянын вариантын кароого чакырды. Жолугушуунун модераторлору документ тийиштүү бөлүмдөргө берилет деп жооп беришти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости