www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасы менен «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү Программасы 2-Фаза» Европа биримдигинин долбоорунун ортосундагы Финансылык макулдашууну ишке ашыруу боюнча Байкоочу комитеттин 4-отуруму онлайн-форматта өтүп жатат.

Отурумда Президеттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин комитеттеринин, Ѳкмѳтүн Аппаратынын, Сот тутумунун, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин, Юстиция министрлигинин Коомдук кеңешинин, Акыйкатчы Аппаратынын, Адвокаттуранын, Европа Бирлигинин Өкүлчүлүгүнүн жана «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү Программасы 2-Фаза» Европа биримдигинин долбоорунун өкүлдөрү катышып жатат. Юстиция министрлигинин атынан юстиция министринин орун басары М.Б. Сарымсаков катышып жатат. 

Отурумдун алкагында учурдагы жетишилген натыйжалары жана «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү Программасы 2-Фаза» Европа биримдигинин долбоорун ишке ашыруу өз ара аракеттенүүнүн алкагында кийинки пландары каралуууда.

Мындан тышкары, күн тартибине ылайык, бенефициарлар тарабынан долбоорду кийинки жылга ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы каралып, бекитилип атат.

Эске салсак, Юстиция министрлиги долбоордун жеңилдик алуучуларынын бири болуп саналат, анын алкагында доолбоор менен министрликтин санариптештирүү жаатында, жана министрлик тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды жеңилдетүү боюнча маанилүү демилгелерине жардам көрсөтүлдү.

Аталган Байкоочу комитет долбоорду ишке ашырууну натыйжалуу жана оперативдүү координациялоо максатында иштейт, анын алкагында долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болуучу көйгөйлөр жана келечек пландар көтөрүлөт. Байкоочу комитеттин отурумдары жылына эки жолу туруктуу негизде өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости