www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын санариптештирүүнүн алкагында автоматташтырылган өткөрмө пункттарын ишке киргизди.
Маалыматка ылайык, жаңы система «Кыргыз-Ата», «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш парктарында жана «Падыша-Ата» мамлекеттик коругунда орнотулду.
Министрликтин маалыматына караганда, бул демилге жаратылыш аймактарын коргоону күчөтүүгө, транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусун так эсепке алууга жана финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.
Автоматташтырылган өткөрмө пункттары аркылуу эс алуучулар банктык карталар, QR-код жана электрондук капчыктар менен накталай эмес төлөм жүргүзө алышат. Мындай система кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, адам факторун азайтууга жана кирешелерди ачык-айкын эсепке алууга шарт түзөт.
Министрлик санариптештирүү иштери жаратылыш аймактарын натыйжалуу башкарууга, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталганын белгиледи.
Мындан тышкары, учурда Сары-Челек мамлекеттик биосфералык аймагында жана «Кыргыз-Ата» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында заманбап архитектуралык талаптарга жооп берген жаңы кире бериш аркаларын куруу иштери башталды. Бул объектилер аймактардын инфраструктурасын жакшыртып, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана туристтик мүмкүнчүлүктү кеңейтүүгө өбөлгө болмокчу.