www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурболот Азаматов аттуу студент Фейсбуктагы жеке баракчасына билим берүү тууралуу өзүнүн оюн жазган. Ал “балдардын канаттарын кыркууга, чектөөгө, кыйнап эле бир калыпка сала берүүгө жол бербесек” деген оюн билдирген. Жаңычылдыкты каалаган, билим берүүнү жакшыртууга аракет кылган, балдарды тарбиялоодо башка жолду колдонуу керектиги тууралуу анын жазгандары толугу менен төмөндө:
“Студент болгонума толук эки ай болду. Ушул убакыт ичинде бир нерсени так аңдап түшүндүм.
Мектеп окуучунун аналитикалык, креативдүү, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрбөйт экен. Анан байкуш ЖОЖдордогу окутуучулар фактыларды, эрежелерди, жылдарды, ысымдарды, терминдерди гана жаттап алып, ошону билим деп санап жүргөн мадырабаштарды эркин ой жүгүрттүрө албай убара тартат тура. Илон Масктын “Суроо берип, төрт варианттын бирин танда” деген тесттерди жоюш керек деген сөзүн эми гана “аа” деп түшүнүп отурам. Көрсө, тест конкреттүү фактыны, ысымды сурагандыктан, бала байкуш ошолорду жаттап калууга басым жасап, калган маалыматты түшүнүүнү, эркин отуруп, окуганын кайра сиңирүүнү унутуп калат экен.
Мисалы: Кайсы бир китептеги “1938-жылдагы репрессияда кыргызстандык 137 киши атылган” деген сүйлөмдү алалы. Тестке даярданып жаткан бала эки эле нерсеге көңүл бурат. Алар: 1938-жыл жана 137 киши. Бүттү. Себеби, эртеңки тестте “Репрессия канчанчы жылы болгон?” жана “Канча кыргызстандык атылган?” деген суроолор келиши мүмкүн. Бала ушуну гана жаттайт. Тест аяктаган замат, бул да унутулат. Натыйжада, тест үчүн “5”, мээ бош. Азыр эле балаңыздан же кызыңыздан соңку тести кандай болгонун, кандай суроолор келгенин жана эмне деген вариантты тегеректегенин сурап көрсөңүз, канчасын эстейт болду экен?
А эгер мугалим: “Параграфты окуп, ой жүгүртүп, китептен жообун таба албаган кызыктуу суроолорду түзүп келгиле”, - деген тапшырма берип койсочу? Анда бала аналитикалык ой жүгүртүүсүн жандырат да, жогорудагы бир эле сүйлөмдөн бир канча суроо түзө баштайт. Мисалы: Кыргыз эмес, кыргызстандык деп жатат. Демек, башка улуттун да өкүлдөрү болгонбу? 137 кишиге жеткирбей, муну токтотуп калууга мүмкүн беле? Репрессияны болтурган жана аткаргандар үчүн кандай жаза берилгени туура? Репрессиянын геноцидден, террордон айырмасы эмне?..
Окуучулар мына ушундай суроолорду жазып келип, агайынын же эжейинин шаштысын кетирип, окуу китебинен алганын кайталап айтып берип койбой, өз позициясын калыптандырып турушса кана? Тилекке каршы, азыркы окуучулар адабияттан ыр жаттап келип, айтып берип “5” алышат. А ырда жашырылган автордун сезимдери талданбайт. Математикадан тоголоктун ичиндеги жарымы боелгон үч бурчтуктун аянтын таап “5” алышат, бирок анын жашоо үчүн кереги кандай, деги эмнеге азап чегип аны эсептеп атканын айтып бере албайт. Кудум робот сыяктуу, берилген тапшырманын өзөгүн түшүнбөйт, бирок кемелине келтире аткарат. Анан заматта унутат, кийинки тапшырмага өтөт...
Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепети адамзат үчүн канчалык оор болору жөнүндө БУУнун трибунасынан дүйнөгө кайрылып, укмуш чакырык таштаган, Нобель сыйлыгына көрсөтүлүп аткан Грета Тунберг 16 гана жашта. Айрым өлкөлөр 16 жаштагы өспүрүмдөргө шайлоого катышуу укугун берүүнү талкуулап жатат. А биздин ой жүгүртпөгөн, бирок ысымдарды, жылдарды, терминдерди эң сонун билип алган “жаттама билим ээлери” бир теманын алкагында дүйнөлүк масштабдагы изилдөө жасап, жүйөлүү чакырык жасай алышабы? Талапкерлердин программасын талдап, жаман-жакшысын ылгап, өз позицияларында тура алышабы? Тилекке каршы, биздин айрым 16 жаштагылар суроо берүүдөн жазганып, эмнеге кызыгарын билбей баштары маң. Бергенди эле жута бергендин “пайдасы”.
Төмөндө фактыларды гана жаттап алган балдардын аналитикалык, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн ордунан козгоо үчүн суроолорду жазып койдум. Уул-кызыңызды сынап көрүңүз.
“Дүйнөдөгү эң чоң чөл – Сахара”. Азамат! Билет экенсиң. Анан? Бул билим эмес. Колумда телефонум бар. Интернеттен мен да билип алсам, экөөбүздүн айырмабыз болбойт. А бирок корей экологу Жонг Тэвун: “Бул ыргакта кете берсеңер, Ысык-Көл сазга айланат” деди. Уникалдуу жаңгак токою Арстанбап жок болуп баратат. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүүгө идеяларың барбы? Эгер ушул көйгөйдөн арылуу үчүн жүйөлүү бир эле себеп айта алсаң, чындап билимдүүсүң!
“Айгүл гүлү менен илбирс дүйнөдө саналуу гана жерде бар”. Мыкты! Анан? А аларды кантип сактайбыз? Көбөйтсөк болобу? Кантип?
“Жамийла Даниярды ээрчип кеткен”. Жарайсың! Анан? Андагы негизги маселе, идея эмнеде? Ч.Айтматов бул чыгарма, ушул эпизод менен эмнени көрсөткүсү келип жатат? Кыздар бактысы үчүн күрөшүшү керекпи? Бүгүнкү күндөгү аялдардын укугу жөнүндө эмне айта аласың? Өз оюңду эркин билдир. “Атам айткан”, “апам деди эле” дебе.
“Тил мыйзамы 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган”. Ай баракелде! Анан? Бул канчалык деңгээлде маанилүү? Мыйзамы жок эле тилди сүйлөй берсе болбойбу? Бул мыйзам кабыл алынбай калса эмне болот эле? Бүгүнкү күндө дагы кандай баалуулуктарыбызды мыйзам менен бекемдеп койсок болот?
Кыскасы ушундай.
Эртең балдар каникулдан кайткандан кийин “Мен каникулду кантип өткөрдүм?” деген дилбаян жаза башташат. Ой жүгүртүп, кыйнала турган темабы? Албетте, жок. Бала ойноп отуруп эле каникулу жөнүндө отчет берип коет. А балким, “Каникулду эффективдүү өткөрүү үчүн 5 алектенүү” деген тема берсечи?..
Ар бир бала уникалдуу жана укмуштуудай ой жүгүртөт. Муну мен кичүү карындашымдан улам жакшы билем. Ойго келбеген суроолорду берип, кайра жообун өзү издеп таң калтырат. Мындай тубаса гений ар бир үйдө бар. Алардын канаттарын кыркууга, чектөөгө, “сенин оюң туура эмес, сүйлөбө, ме жатта” дешке, бир калыпка кыйнап эле сала берүүгө жол бербесек...”
Булак: NazarNews.kg