www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын жогорку жетекчиси Али Хаменеи Керман шаарындагы терактын уюштуруучуларына жана аны аткаргандарга катуу жооп кайтарып, өзүнө жараша жаза берерин убадалады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Аталган өлкөнүн ЖМКлары тараткан соңку маалыматка ылайык, калаадагы эки жолку жарылуудан набыт болгондордун саны 103кө жетип, 211 адам жаракат алды. Эки сумкага салынган жардыруучу каражат Иран генералы Касем Сулеймани коюлган жердеги аза күтүү иш-чарасында жарылган. Аны аралыктан башкарышкан деп божомолдошууда. Окуя кечээ, 3-январда, болгон.

“Колу бейкүнөө адамдардын канына боёлгон, акылынан айныган мыкаачылыкка барган адамдар мындан ары репрессиянын жана адилеттүү жазалоонун бутасы болмокчу. Аларга мындай апаат үчүн катуу жооп кайтарыларын билип коюшсун”, — деп кайрылуу жасаган Хаменеи.

Иран өкмөтү 4-январды улуттук аза күнү деп жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости