www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарым жылды Кыргызстандын тышкы соодасы 5 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-июнь айларында 5 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басм асөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 25,4 пайызга көбөйдү, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 40,5 пайызга азайып, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,7 эсе жогорулады.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-июнунда 2 млрд долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34%га өскөн. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 1,7 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 23,0 пайызга жогоруланган.

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-июнь айларында Россия (70,0 пайызга) жана Казакстанга (27,9 пайызга) туура келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости