www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик маанидеги “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” долбоору үчүн расмий логотипти (эн белги) иштеп чыгууга ачык конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты – Кыргызстандын улуттук маданий жана табияттык баалуулуктарын, тоолордун рухун, Ысык-Көлдүн тазалыгын, туруктуу туризм концепциясын жана Кыргыз Республикасынын улуттук символу болгон ак илбирсти чагылдырган заманбап, таасирдүү жана эсте каларлык визуалдык символду иштеп чыгуу.

Конкурска Кыргыз Республикасынан дизайнерлер, сүрөтчүлөр, архитекторлор, студенттер, кесипкөй дизайн-студиялар жана чыгармачыл бирикмелер катыша алат.

Конкурстун мыкты иши мамлекеттик маанидеги “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” долбоорунун расмий логотиби (эн белгиси) болуп бекитилет жана бренддин бардык визуалдык коммуникацияларында колдонулат. Жеңүүчүгө акчалай сыйлык жана логотиптин автору катары расмий таанылуу ыйгарылат. Ошондой эле жеңүүчү менен брендбукту жана фирмалык айдентикти иштеп чыгуу боюнча келишим түзүү каралат.

Мыкты деп табылган эн белги буйрутма берген тараптын менчигине өтөт жана аны коммерциялык же коммерциялык эмес максаттарда колдонууга укуктуу. Логотипке уюштуруучулардын демилгеси менен майда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Жеңүүчүгө берилүүчү акчалай сыйлыктын өлчөмү – 50 000 сом.

Конкурсанттардын эскиздерин кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 3-ноябрынан, 17-ноябрына чейин.

Иштер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

дарек: Бишкек, Логвиненко көчөсү, 55А

же электрондук почта аркылуу: [email protected]
(темага «Конкурс үчүн» деп көрсөтүү талап кылынат).

Конкурстун Жобосу жана расмий логотипти иштеп чыгууга техникалык тапшырма менен төмөнкү даректен таанышууга жана жүктөп алууга болот:
🌐 www.alatooresort.kg

Последние новости