www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районунда жасалма документтер аркылуу Belgee X50 үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз каттоого аракет кылган төрт жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, 3-июлда 1995-жылы туулган К.Д. аталган автоунааны Казакстандан алып келинген деп көрсөтүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн документтерди тапшырган. Бирок текшерүү учурунда документтердин жасалма экени аныкталган.
Тергөөдө унаа буга чейин Россияда каттоодо турганы жана лизингде болгону белгилүү болгон. Ошондой эле анын каттоо күбөлүгү, сатып алуу-сатуу келишими, ишеним каты жана башка документтери жасалмаланганы аныкталган.
Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган К.Д., 1990-жылы туулган К.К., 2001-жылы туулган К.И. жана 1994-жылы туулган Э.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Тергөө уланууда.