www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын арасында республикалык «Жаш булбул» айтышынын финалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, финалдык айтыш 26-сентябрда саат 14:00дө Асман паркынын амфитеатрында өтөт. Ал Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Көйкашка» коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Айтыштын негизги максаты — кыргыздын төкмөлүк өнөрүн кеңири жайылтуу, жаш таланттарды колдоо жана алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө шарт түзүү болуп саналат.

Финалдык айтышта төмөнкү 12 жаш акын өнөр талашат.

1. Исаков Сыймык

2. Жайлообаева Касиет

3. Абдыкапарова Айдай

4. Макулбеков Байел

5. Темирбеков Ырыскелди

6. Султанжанова Фарида

7. Кулпеишов Актилек

8. Турсуналиев Зарылбек

9. Имерова Алия

10. Жакыпов Мажит

11. Адыл кызы Айжан

12. Темирали уулу Нурболот

Последние новости