www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) 2020-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу турундагы алгачкы жеңишине жетишти.

D тайпасынын тандап алуу раунду бул күндөрү Ирандын Тегеран шаарында өтүп жатат. 8-ноябрда курама командабыз Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Голдорду Эмир Шигайбаев менен Ырыскелди Артыкбаев киргизди.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы бул жеңиши менен 3 упай алып, турнирдик таблицада БАЭ курамасын ашып өттү.

Эми эртең, 10-ноябрда курама командабыз кийинки турда непалдык футболчулар менен беттешмекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости