www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербург шаарында 24 жаштагы киши мурдагы сүйлөшкөн кызынын жана анын жигитинин бетине кислота чачып салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Полиция кызматкерлери шектүүнү кармаган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, ал мурда сүйлөшүп жүргөн кызы башка жигит менен жүргөнүн көрүп кызгангандыктан ушундай кадамга барган.

Окуя 10-декабрь күнү саат 18:30дар чамасында Грибоедов каналынын жээгинде болгон. Полиция жерине барганда 16 жаштагы кыз жана анын 18 жаштагы жигити ар кандай химиялык күйүк алганы аныкталган. Мындан улам кыз оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эми жигиттин абалы канааттандырарлык.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Москва проспектисиндеги №4 үйдөн 24 жаштагы жаран кармалып, полиция бөлүмүнө алып келинген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости