www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаш жубайлар үлпөт той өткөрүп, чыгымын төлөбөш үчүн башка өлкөгө качып кетишкен. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
2022-жылы август айында италиялык Морено Приоретти германиялык Андре Свеньеге үйлөнгөн. 80 конок катышкан той Италиянын Фрозиноне шаарындагы Ristorante La Rotonda ресторанында өткөн. Банкеттин баасы сегиз миң еврону (755 миң сом) түзгөн.
Ресторан ээси Энцо Фабрици ага төлөмдү эртеси берүүнү убада кылышканын айтат. Эртеси ал жаш жубайларды кечке чейин күткөнү менен алар келишкен эмес. Телефон чалса алар да, ата-энелери да жооп беришкен эмес. Фабрици жаш жубайлардын кошуналарынан тойдон кийин алар дароо Фрозиноне шаарынан кетип калышканын билген.
"Менин рестораным сыяктуу кичинекей мекеме үчүн сегиз миң евро олуттуу сумма. Эсеп-дүмүрчөк төлөнүшү керек, анткени мен дагы эле жеткирүүчүлөргө акысын беришим керек жана башка чыгымдарды жабуу керек", - дейт Фабрици.
Полиция жаңы үйлөнгөн жубайлар Римге, андан соң Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарына учуп кетишкенин аныктаган. Качкындарды издөөгө Германиянын укук коргоо органдары да кошулган. Издөө иштери бир жылдан ашык уланып, жакында эле ийгилик менен аяктаган.
Жаңы үйлөнгөндөр атайылап качып кеткен деген айыптоону четке кагышкан. Мындан тышкары, Морено Приореттинин юристинин айтымында, ресторатор алардын карызын көбөйтүп айтып жатканын билдирди. Ал талап кылынган сумманын бир бөлүгү эчак төлөнүп, калганы 2023-жылдын октябрында которулганын айткан.
Булак: NazarNews.kg