www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоо 60 жаштан кийин башталат

Пенсияга чыккандан кийин өзүн таштап, карылыктын жетегинде калып кетебиз. Бир нерсени унутпоо керек, паспорттогу жаш курак башка, а адам жүрөгү кабыл алган жаш менен жашайт. Демек, биз канчалык өзүбүздү жаш сезип, тың болсок, ошончолук карылыктын капканы болуп эселтелүүчү оору-сыркоодон ыраак болобуз.

Наалыбаңыз

Эгер сиздин жаш курагыңыз 60 жаштан өйдө болсо, ар кайсы нерселерди ойлоп, санаага тез алдырышыңыз мүмкүн. Эң башкысы - бекем болуңуз. Ар бир курактын өзүне тийиштүү керемети боло-орун унутпаңыз. Ар кандай карыган адамдар бар, бири дайыма нааразы-ланып, наалып отурса, экинчилери, башкаларга жүгүн артпай, ар дайым жылмаюусу, жакшы кеби менен жагымдуулук тартуулайт.

Наалыгандан эч нерсе өзгөрбөйт, ооруңу айта берүү менен ден-соолук ансайын начарлайт. Андан көрө айланага көз тигиңиз - балдарыңыз иштеп жатат, неберелериңиз өсүп келатат, мындан артык бак барбы?!

Карыдым дебеңиз

Жаштыктын тез кеткенине кейип, өр талашып калганыңызга кайгырбаңыз. Кейисеңиз эле жашарып калбайсыз.

Кызыктуу иш менен алектениңиз

Көңүлүңүзгө жаккан кызыктуу ишти баштап алыңыз. Жаш кезиңизде ыр жазып, кийин тиричиликтин түйшүгү менен андан алыстап калдыңыз беле? Анда, кайрадан кагаз-калем кармоого убакыт келди. Сайма сайып, курак тигип, төшөк көктөп кол өнөрчүлүк кылып көрдүңүз беле? Эми аны аткарууга убакыт кенен. Сиздин колуңуздан чыккан буюмдар үйүңүздү көрктөп, балдарыңыздын керегине жараганын көргөн сайын сизде да жашоого болгон кызыгуу кайрадан ойгонот.

Маектешиңиз

Айланаңыздагылар менен ма-ектешип, дайыма алака-катышта болуңуз. Бирок, сүйлөшүүдө наалымайга жол бербеңиз. Бул көңүлүңүздү чөгөрөт. Наалыбаган, ачык маанайдагы курбалдаштарыңыз менен гана сырдашыңыз. Эртеден кечке жашоосуна нааразы болуп отургандар менен көпкө сүйлөшпөңүз. Башка бирөөнүн күңгүрөнгөнүн уга берүү сиздин дарманыңызды алсыратат.

Көңүлүнүздү шат кармаңыз

Ичиңиз, белиңиз ооруп, буттарыңыз сыздап, бастырбай жатабы? Мурдагыдай тез-тез кадам таштай албай, басыгыңыз акырындадыбы? Мунун баары табияттын мыйзамы. Андан эч кимибиз качып кете албайбыз. Ооруну аңдый берсеңиз, ал да күн сайын ар башкы жериңизден белги берет. Жакшысы унутуңуз. Ден-соолугу чың, жаш адамдай көңүлүңүздү шат кармаңыз.

Көп уктаңыз

Уйкуда жүрөк ритми солгундап, кан басымы ылдыйлайт, гормондордун бөлүнүп чыгуусу нормалдашат, зат алмашуу акырындайт, мындай учурда клеткалар калыбына жакшы келет. Булчуң менен тери жоготкон тонусун табат.

Оронбоңуз

Кабат-кабат кийинип, оронуп-чулганып көнбөңүз. Бул организмдеги ысууну пайда кылат да, анын сырткы таасирлерге каршылыгын азайтат. Алсызданган организмде өнөкөт оорулар күчөйт. Ошондуктан, дайыма шалы жоолуктарга ороно бербеңиз. Көп кыймылдап, бөлмөңүздү тез-тезден желдетиңиз.

Булак: Майдан.kg гезити

Последние новости