www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлаган шектүүлөр кармалды.

Бишкек милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан сойкулукка тартуу менен алектенген шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

24-сентябрда саат 15:20 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде белгисиз жарандар жашы жете элек кыздарды кыйноо жана коркутуу жолу менен интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (сойкулук менен алектенүүгө тартуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1995-жылы туулган А.А. жана 2005-жылы туулган Х. Ж. аттуу жарандар аныкталып, кармалган.

Последние новости